Элчи Кубанычбек Өмүралиев Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары жана Tүркиянын мурдагы Премьер-министри, парламентинин төрагасы Биналы Йылдырым менен жолугушту

2130

2021-жылдын 16-декабрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары, Tүркиянын мурдагы Премьер-министри жана  парламентинин төрагасы Биналы Йылдырым менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын июнь айындагы Түркияга болгон расмий сапары учурунда жана ноябрь айында Түрк мамлекеттер уюмунун 8-саммитинде Президент Режеп Эрдоган менен макулдашылган Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун (инвестиция) түзүү жана биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Кыскача маалымат: Бинали Йылдырым 1955-жылы төрөлгөн. Түркиянын саясий жана мамлекеттик ишмери. 2005-2015-жылдары Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министри болуп иштеген. 2016-2018-жылдары  Түркия Республикасыны Премьер-министри, 2018-2019-жылдары Түркия парламентинин төрагасы болгон. Учурда парламентте Измир аймагынан шайланган депутат, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары, Түрк мамлекеттери уюмунун Аксакалдар кеңешинин башчысы.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK