Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди

2615

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди. Мындай чечим уюмдун тиешелүү комитетинин 16-сессиясында кабыл алынды. Жыйын 16-декабрда ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында (Париж, Франция) онлайн форматта өттү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда үч жолу өткөн. Иш-чара эки жылда бир жолу уюштурулмай болгон. 2020-жылы Түркияда өтөрү белгиленип, пандемияга байланыштуу токтоп калган. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын сентябрда Түркияда өтүүсү көздөлүүдө. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK