Анкаранын борборундагы Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинин (TOВВ) эң бийик эки эгиз имараты (мунаралары) Кыргызстандын жана Түркиянын желектеринин түстөрүнө боёлду
Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 23-декабрында Анкаранын борборундагы Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинин (TOВВ) эң бийик эки эгиз имараты (мунаралары) Кыргызстандын жана Түркиянын желектеринин түстөрүнө боёлду.
Бул акция TOВВ тарабынан Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин демилгеси менен ишке ашырылды.