Элчи Кубанычбек Өмүралиев Конья шаарында жашап окуган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту
2021-жылдын 23-декабрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Конья шаарында жашап окуган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Коньяга болгон акыркы жумушчу сапарынын жыйынтыгын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын Конья шаарында жашоосу жана кыргыз диаспорасынын бирикмесин ал шаарда расмий каттоодон өткөрүп ачуу боюнча Конья бийлиги менен макулдашылган маселелерди талкуулашты.