2022-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Элазыг провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Асилхан Арслан менен жолугушту
2022-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Элазыг провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Асилхан Арслан менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда өндүрүш ишканаларын ачуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле көздөлгөн максаттарды ишке ашыруу жана танышуу үчүн 2022-ж. март айында А.Арслан баштаган түрк ишкерлеринин делегациясынын Кыргызстанга иш сапары уюштурулат.