Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги кыргызстандыктардын диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

5358

2019-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги кыргызстандыктардын диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору А. Имангазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын орун басары С. Токтоболотов, ТИМдин жана Элчиликтин кызматкерлери катышыты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түркияда Кыргыз жарандарынын болуусунун маселелери талкууланды, кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын тарабынан Түркия Республикасынын аймагында  эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашыруу маселелери боюнча толук пикир алмашуу болуп өттү.

 Диаспоранын өкүлдөрү болгон көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти, Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн бир катар маселелери боюнча каалоо-тилектерин билдиришти.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Кыргызстандын жарандарына  сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүүгө багытталган, ошондой эле өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүү бөлүгүндө, анын ичинде болуунун тартибине тийиштүү Кыргызстандын мыйзамында пландаштырылган өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдады.

  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги кыргызстандыктардын диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK