Элчи Кубанычбек Өмүралиев Черногориянын Элчиси Периса Кастратович менен жолугушту

1956

2022-жылдын 25-мартында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Черногориянын Элчиси Периса Кастратович менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-черногориялык мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги боюнча пикир алмашышты, ошондой эле эл аралык, эки тараптуу жана ички күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

2019-жылдан тарта Кыргызстанда Черногория жарандары үчүн 60 күндүк визасыз режим киргизилгендигин эске алып, Элчи К.Өмүралиев кесиптешине КРнын жарандары үчүн дагы Черногорияда ушундай эле виза режимин түзүүнү сунуштады.

Жолугушуунун соңунда Элчи К.Өмүралиев 2023–2025-жылдар үчүн БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин мүчөлүгүнө КРнын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK