Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын “Business Turk” журналынын редактору Мухаммед Рузибай менен жолугушуусу

1696

2022-жылдын 1-апрелинде Элчи К.Өмүралиев Түркиянын “Business Turk” журналынын редактору Мухаммед Рузибай менен жолугушту.

Жолугушууда М.Рузибай Элчи К.Өмүралиевге “Business Turk” журналынын кезектеги сандарын тапшырды. Журналдарда Кыргызстандын дипломатиялык миссиясынын башчысынын Түрк Мамлекеттер Уюмунун алкагында кызматташуу жана кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча макалалары жарыяланган.

Өз кезегинде Элчи К.Өмүралиев макалаларды басып чыгарууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар журналдын Кыргызстанга арналган негизги санына тиркемени биргелешип даярдап, басып чыгарууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK