Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөштү

1908

2022-жылдын 1-майында түрк тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасынын Тышкы иштерминистри Мевлют Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мевлүт Чавушоглу Жээнбек Кулубаевди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку кызматында ийгиликтерди каалады.

Тышкы иштер министрликтеринин башчылары стратегиялык өнөктөштүк формасында бекемделген эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамикасын канааттануу менен белгилешти. Жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасы менен Түркиянын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде Биргелешкен Стратегиялык Пландоо тобунун кезектеги жыйынын өткөрүүнү макулдашты.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасы менен Түркиянын өлкөбашчыларынын деңгээлинде Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешти Кыргызстанда өткөрүү маселеси талкууланды.

Эл аралык маселелерди талкуулап жатып, КРдин Тышкы иштер министри Ж.КулубаевРоссия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды бошоңдотуу процессиндеТүркиянын ортомчу ролун белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK