Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктоо
Кымбаттуу мекендештер,
Сиздерди 9-май Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайм.
Чоң аталарыбыздын улуу эрдигинин арты менен бүгүн эркин жана бейпил жашообузду куруп жатабыз. Ардагерлерибизди сый-урмат менен кадырлоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Баатырларыбызга тазим.
Дүйнөдө эч качан согуш болбосун. Жерибизде тынчтык өкүм сүрсүн, элибиз бактылуу болсун.
Майрамыбыз кут болсун.
Урматтоо менен,
Кубанычбек Өмүралиев
Элчи