Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Төрагасы Алмазбек Акматовдун Түркияга иш сапары

1800

2022-жылдын 29-майынан тартып 1-июнга чейин Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Төрагасы Алмазбек Акматов Түркия Республикасынын Эсеп сотунун түзүлгөндүгүнүн 160 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Түркия Республикасында иш сапары менен болду.

2022-жылдын 30-майында Эсеп палатасынын Төрагасы Алмазбек Акматов Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде болуп, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.

2022-жылдын 31-майында Алмазбек Акматов Түркиянын Эсеп сотунун Төрагасы Метин Йенер менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде Экономикалык кызматташуу өлкөлөрүнүн аудиттин жогорку органдарынын уюму (ECOSAI) алкагындагы маселелерди талкуулашты.

Ошону менен бирге, түрк тарабынын мамлекеттик аудит тармагындагы ийгиликтүү тажрыйбасын эске алуу менен, тараптар аудитти пландаштыруу баскычында тобокелдиктерди аныктоо боюнча маалыматтарды талдоо электрондук программасынын алкагында тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашууга жетишти.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында Эсеп палатасынын Төрагасы Алмазбек Акматов Анкара шаарындагы Кечиорен муниципалитетинин борбордук аянтындагы Улуу Манастын эстелигине зыярат кылып, муниципалитеттин мэри Тургут Алтынок менен жолугушуу өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK