Элчи Кубанычбек Өмүралиев Стамбул, Анкара, Ван жана Малатыя шаарларында турган этникалык кыргыздар менен жолугушту
2022-жылдын 20-июнунда Элчи Кубанычбек Өмүралиев Стамбул, Анкара, Ван жана Малатья шаарларында турган этникалык кыргыздар менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түрдүү тармактарда биргелешкен маданий-гуманитардык иш-чараларды ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле жакынкы келечектеги долбоорлорду талкуулашты.
Этникалык кыргыздар Элчиликке көрсөтүлгөн ар кандай колдоолор үчүн, өзгөчө Түркияда алардын улуттук өзүнчөлүгүн сактоодо аракеттери үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.