Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарындагы Хажы Байрам Вели университетинин окутуучулар жамааты менен жолугушту

1608

2022-жылдын 5-июлунда Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарындагы Хажы Байрам Вели университетинин Проректору проф. д-р. Орхан Куртоглу баштаган университеттин окутуучулар жамааты менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана илим тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти, ошондой эле 2022-жылдын 10-октябрында Анкара шаарында Университет тарабынан уюштурулуп жаткан «Жибек Жолу» Эл аралык симпозиумуна дипломатиялык миссиянын Башчысынын катышуусун талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK