Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Курман Айт майрамына карата куттуктоосу

1954

Урматтуу мекендештер,

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин жамаатынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан Сиздерди Курман Айт майрамы менен куттуктайм.

Бул майрам ак ниеттин, мээримдүүлүктүн, ынтымактуулуктун жана боордоштуктун майрамы болсун.

Мекенден алыста иштеп, окуп жүрөсүздөр. Эмгегиңиздер үзүрлүү болсун, окууңуздарга ийгиликтерди каалайм. Баарыңыздарга чын ден соолук менен бакыт тилейм.

Айтыңыздар маарек болсун!

Урматтоо менен,

 

Кубанычбек Өмүралиев

        Элчи

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK