Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

1986

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу багыттары жана эки тараптуу мамилелердин келечеги талкууланды. 

Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктап, Түркия лидери менен анын жакындарына ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош түрк элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады. 

Өз кезегинде Режеп Тайип Эрдоган дагы Садыр Жапаровду ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап жана боордош кыргыз элине эң жакшы каалоо-тилектерин билдирди. 

Мындан тышкары, тараптар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK