Элчи Кубанычбек Өмүралиев жаңыдан түзүлгөн “Кут билим” Изилдөө, маданият жана тилектештик коомунун жетекчилиги жана мүчөлөрү менен жолугушту

1551

2022-жылдын 11-августунда Элчи Кубанычбек Өмүралиев жаңыдан түзүлгөн “Кут билим” изилдөө, маданият жана тилектештик коомунун жетекчилиги жана мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Коомдун өкүлдөрү уюмдун Түркияда расмий каттоодон өтүү жол-жобосу аяктагандыгын жана ТРнын Ички иштер министрлигинен кыргыз маданиятын жайылтуу, атап айтканда, элдик кол өнөрчүлүктү жана комуз чертүүнү үйрөтүү боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн грант алышкандарын маалымдашты. Элчиликке жогорудагы демилгелерди ишке ашырууга  колдоо көрсөткөндүгү жана көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Өз кезегинде Элчи Өмүралиев уюмдун ишмердүүлүгү Кыргызстандын жарандары менен Түркиядагы жергиликтүү калктын арасында улуттук баалуулуктарды өнүктүрүүгө чоң салым кошот деген ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK