Түркия Республикасына расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде болду

1254

2022-жылдын 16-августунда Түркия Республикасына расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде болуп, чет өлкөдөгү мекеменин кызматкерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Ж.Кулубаев мамлекеттин жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдына коюлган маселелер тууралуу маалымат берип, аталган иштин алкагында, жалпысынан эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, өзгөчө экономикалык дипломатияны алдыга жылдыруунун негизги багыттарында (инвестицияларды, гранттарды тартуу жана Ата Мекендик продукцияны экспорттоого көмөктөшүү), жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иштерди күчөтүүнү белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK