Кыргыз Республикасынын Анкарадагы Элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 21-августунда Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен каза болгон Кыргыз Республикасынын 14 жарандарын эскерүү иретинде 2022-жылдын 23-августун Улуттук аза күтүү күнүн жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылды.
Өзүңөрдүн көңүл айтуу каалоолоруңарды ошондой эле Элчиликтин электрондук дарегине жөнөтүүгө болот: kgembassy.tr@mfa.gov.kg.
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардарга тез арада сакайып кетишине тилектеш.