Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Президентинин Администрация Башчысы профессор Хасан Доган менен жолугушту
2022-жылдын 8-сентябрында Анкарадагы Президенттик Сарайда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Президентинин Администрация Башчысы профессор Хасан Доган менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын маселелери, анын ичинде эки мамлекет башчыларынын быйылкы жылы боло турган өз ара сапарларынын уюштуруу маселелери талкууланды.