2019-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Анкара шаарынын Мэри Мансур Яваш менен жолугушуусу болуп ѳттү.

5461

2019-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Анкара шаарынын Мэри Мансур Яваш менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Элчи К.Омуралиев М.Явашты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон акыркы шайлоодо Анкара шаарынын Мэри катары шайланышы менен куттуктап кетти.

Тараптар Бишкек-Анкара шаарларынын ортосундагы достук жана боордоштук байланыштардын ар түрдүү чөйрөлөрдө кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгын белгилешти жана алгач шаардык башкаруу деӊгээлде сапар алмашуу тууралуу макулдашууларды жүргүзүштү.

Экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризмди өнүктүрүү, Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара агымын жана бизнес-коомчулугунун түздѳн-түз байланыштарын түзүү үчүн, Элчи К.Омуралиев Бишкек жана Анкара ортосунда жумасына 2-3 жолу жыштыгы менен түз аба каттамын ачуу максатка ылайыктуулугун белгиледи.

М.Яваш аталган сунушту колдоого алып, Бишкек-Анкара каттамдарын ачууга аракет кылууга, атап айтканда, Анкаранын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү болгон жана бул багытта өнүктүрүүгө кызыкчылыгы бар Анкарадагы бизнес-коомчулугу менен аталган маселени иштер чыгууга аракет кылуу убадасын берди.

 

  • 2019-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Анкара шаарынын Мэри Мансур Яваш менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK