Самарканд шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

1083

2022-жылдын 10-ноябрында Самарканд шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын жолугушуусу түрк мамлекеттеринин кызматташтыгын өнүктүрүүдө жаңы барак ача турган 9-Саммиттин алдында болуп өттү.

Тараптар ТМУнун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, «Түрк цивилизациясынын жаңы доору – жалпы өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө» темасына өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Ж.Кулубаев өзүнүн сөзүндө Кыргыз Республикасы менен ТМУнун экономикалык кызматташтыгынын алкагында  Түрк инвестициялык фондун түзүү жол-жобосун аяктоо боюнча конкреттүү чараларды көрүүдө аракеттерди бириктирүү жана бул Фонддун штаб-квартирасын Кыргыз Республикасында жайгаштыруу зарыл экенин баса белгиледи.

Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасы түрк интеграциясын бекемдөө ишине салым кошууну улантарына ишендирди. Көп пландуу өз ара аракеттенүү жана товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык потенциалды жогорулатуу жана транспорт менен энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу алкагында интенсификациянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, ТМУнун Тышкы иштер министрлери 2022-жылдын 11-ноябрында Самарканд шаарында боло турган Уюмдун Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына коюлуучу бир катар документтерди талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK