Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барат

1047

21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барат. 

Сапардын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт. 

Белгилей кетсек делегациянын курамында Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Эльдар Сулайманов бар.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK