КРнын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев ТРнын Президентинин Администрациясынын Коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин Төрагасы профессор, доктор Фахреттин Алтун менен жолугушту

635

2022-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев, Кыргыз Республикасына иш сапары менен келген, Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин Төрагасы профессор, доктор Фахреттин Алтун менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, буга чейин жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде министр Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы бир тууган элдердин жалпы тарыхына, маданиятына жана тилине негизделген стратегиялык өнөктөштүктүн оң нугунда өнүгүп жатканын белгиледи. Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргыз-Түрк «Манас» университети кыргыз-түрк достугун чыңдоо механизми катары кызмат кылган жана Кыргызстандын, Түркиянын жана башка чет мамлекеттердин студенттерине сапаттуу жогорку билим берген мыкты окуу жайлардын бири экенин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK