Элчи Руслан Казакбаев Анкара шаарындагы Чубук муниципалитетинин башчысы Баки Демирбаш менен жолугушту

418

2023-жылдын 26-январында Элчи Руслан Казакбаев Анкара шаарындагы Чубук муниципалитетинин башчысы Баки Демирбаш менен жолугушту.

Эки өлкөнүн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү максатында тараптар Чубук менен Кыргызстандын шаарларынын биринин ортосунда боордоштук мамилелерди орнотууга макулдашышты.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы боордош шаарлар ортосундагы өнөктөштүктүн алкагында айрыкча мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, ошондой эле орто жана кичи бизнести өнүктүрүү максатында өнөр жай ишканаларын куруу боюнча биргелешкен социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду

Мындан тышкары, Элчи Казакбаев Мэр Демирбаштын түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүн Түркияда таанытууга салымын белгиледи. Ошондой эле Чубукта ачылган Курманжан Датка атындагы сейил бак үчүн жана Чубукта жашаган этникалык кыргыздарга дайыма көңүл буруп, камкордук көрүп жатканына ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK