Элчи Руслан Казакбаевдин Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары менен жолугушуусу жөнүндө

649

2023-жылдын 26-январында Түркия Парламентинин имаратында Элчи Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Адам укуктарынын бузулушун иликтөөчү комиссиянын Төрагасы Хакан Чавушоглу, Коргоо комитетинин Төрагасынын орун басары Рефик Өзен, Айлана-чөйрөнү коргоо комиссиясынын Төрагасынын орун басары Мухаммет Муфит Айдын, Тергөө комитетинин Төрагасынын орун басары Осман Местен, Пландоо жана бюджет комитетинин мүчөсү Ахмет Кылыч жана Тышкы иштер комитетинин мүчөсү Аттила Одунчтар кирген депутаттар тобу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын маселелерин кеңири талкуулашты. Жалпы тарыхка, маданиятка жана тилге негизделген өлкөлөр менен элдердин ортосундагы бир туугандык мамилелердин жогорку стратегиялык деңгээлине канааттануу билдирилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин 2022-жылдын ноябрь айында Түркия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын аткарылышы талкууланды.

Элчи Руслан Казакбаев Түркиялык депутаттарга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн тышкы карызын жашыл демилгелерди ишке ашырууга алмаштыруу демилгеси тууралуу кеңири маалымат берип, Кыргыз Республикасында «жашыл экономиканы» өнүктүрүү боюнча бекем багыт алынганын маалымдап, түрк тарапты дагы бул демилгеге активдүү катышууга чакырды.

Тараптар экономика жана саламаттыкты сактоо тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Кыргыз-Түрк инвестициялык фондун мөөнөтүнөн мурда түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын бекер дарылоону камсыз кылган саламаттыкты сактоо жана медицина тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну кайра баштоо боюнча макулдашууларга жетишти. Элчи Казакбаев берилген квотаны жылына 500 адамга чейин кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Түркияда жүрүү шарттарын жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова жана Кыргыз Республикасынын Бурса шаарындагы ардактуу консулу Билал Тутуш катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK