Элчи Руслан Казакбаевдин Анкара шаарынын Чанкая муниципалитетинин Мэри Алпер Ташделен менен болгон жолугушуусу тууралуу

259

2023-жылдын 13-мартында Элчи Руслан Казакбаев Анкара шаарынын Чанкая муниципалитетинин Мэри Алпер Ташделен менен жолугушту.

Жолугушууда облустардын, шаарлардын жана райондордун деңгээлинде кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул багытта тараптар Чанкая муниципалитетинин Мэри башчылык кылган делегациянын Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу маселесин талкуулап, Чанкая менен Кыргызстандын шаарларынын бири ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү боюнча макулдашышты.

Муну менен катар Элчи Казакбаев Мэр Ташделендин боордош элдердин достугун чыңдоодогу эмгегин белгилеп, Чанкаядагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылганына ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары жемиштүү кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK