Ушул жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Омуралиев Түркия Республикасынын Анталия шаарындагы «Кыргыз Эли» коомдук уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.

6274

Аталган жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Түркияда ишин жүргүзүп жаткан жарандарынын туруусу, ошондой эле алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча кенен ой алмашуу болду.

Ошондой эле Анталия аймагындагы биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү маселелери, тагыраак айтканда түрк элин «Манас» эпосу менен тааныштыруу максатында үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда өткөрүлүүчү «Манас» чыгармачылык кечеси талкууланды.

Жолугушуунун аягында «Кыргыз Эли» коомдук уюмунун өкүлдөрү жана активистери К.Омуралиевдин ишине ийгилик каалап мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүттөнгөндөрүн билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK