Элчи Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташ менен жолугушту

294

2023-жылдын 5-июлунда Элчи Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташ менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарынын Түркия аймагында жүрүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Элчи Р.Казакбаев, 2023-жылдын 22-июнунда Стамбул шаарына келип, туугандары менен байланышка чыкпай жаткан Кыргыз Республикасынын 2003-жылы туулган Ж. Ш. аттуу жаранынын жана башка жарандардын жайгашкан жерлерин аныктоо маселесинин маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Өз кезегинде Түркиянын ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташ бир катар актуалдуу маселелер боюнча Кыргызстандын Ички иштер министрлигиндеги кесиптештери менен активдүү иш алып баруу жана өз ара аракеттенүү тууралуу маалымат берди. Кыргызстандын жарандарын издөөгө байланышкан иштер жеке көзөмөлүндө экенин, ошол эле учурда изделип жаткан жарандардын жүргөн жерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тапшырмаларды бергенин баса белгиледи.

Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, жолугушуу аяктаганга чейин Түркиянын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Кыргызстандын жараны Ж.Ш. Стамбул шаарынын Кадыкой районунда табылганын билдиришкен. Жакынкы арада туугандарына өткөрүлүп берилет.

Элчи Р.Казакбаев түрк тарапка ыкчам жана жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Кыргызстандын ИИМи менен Түркиянын ИИМинин ортосунда түзүлгөн тыгыз байланыштардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз тарап ошондой эле Кыргызстан жана Түркия жарандарынын өз ара сапарлары, анын ичинде ички паспорттор боюнча жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Түркиядагы визасыз режимдин мөөнөтүн 90 күндөн 180 күнгө чейин узартуу маселелеринин маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Кыргызстандын жарандарынын Түркияда жашоого уруксат алуу шарттарын жеңилдетүү жана алардын мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн узартуудан баш тартуулардын санын азайтуу өтүнүчү айтылды.

Элчи Казакбаев ошондой эле түрк кесиптештерине мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына айыпсыз жана тыюу салуусуз чыгып кетүү жана андан ары мыйзамдаштыруу максатында миграциялык мунапыс берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Министрдин орун басары Мехмет Акташ кыргыз тараптын сунуштарын изилдеп жана Түркиянын кызыкдар органдары менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы аралыкта эки мамлекеттин ички иштер министрлеринин өз ара сапарларын уюштуруу, ошондой эле биргелешкен иштерди улантуу боюнча макулдашууга жетишти.

Элчилик Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун жана кыргыз диаспорасынын активисттеринин Кыргыз Республикасынын жараны Ж.Ш. издөө жана табуу боюнча жигердүү иштерин белгилеп кетүүнү маанилүү деп эсептейт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK