Элчи Руслан Казакбаев Анталияга болгон иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Анталия облусу боюнча Коопсуздук башкармалыгынын Башчысы Орхан Чевик менен жолугушуу өткөрдү

335

Элчи Руслан Казакбаев Анталияга болгон иш сапарынын алкагында 2023-жылдын 2-ноябрында Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Анталия облусу боюнча Коопсуздук башкармалыгынын Башчысы Орхан Чевик менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга КРнын Анталиядагы Башкы консулу Рустам Кошонов да катышты.

Тараптар Түркияда Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Өз кезегинде Башчы Орхан Чевик Анталия полициясы менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосунда эч кандай маселе жок экенин айтты.

Түрк тарапка Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркия Республикасынын аймагында болушуна максималдуу жардам көрсөтүү өтүнүчү билдирилди.

Ал эми Башчы Орхан Чевик Кыргызстандын жарандарына Анталия полициясынан максималдуу колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилерин билдирди.

Элчи Руслан Казакбаев түрк тарапка Кыргыз Республикасынын урматтуу Президенти С.Н.Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат берип, өлкөдө инвесторлор үчүн жыл сайын жаңы жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын өзгөчө белгиледи.

Ошону менен бирге Элчи Руслан Казакбаев түрк тарапты Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгы менен куттуктап, боордош түрк элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Жолугушуунун соңунда Элчи полиция Башчысын Анталияда 2023-жылдын 3-ноябрына пландаштырылган Чыңгыз Айтматов атындагы китепкананын салтанаттуу ачылышына катышууга жана ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн түз байланыштарды түзүү максатында Кыргызстанга ыңгайлуу учурда келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK