Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова баштаган, Кыргызстандын облустук китепканаларынын жетекчилери, Китеп палатасы, Кыргызреставрация мекемесинин өкүлдөрү кирген делегация Элчиликке келди

167

2023-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова баштаган, Кыргызстандын облустук китепканаларынын жетекчилери, Китеп палатасы, Кыргызреставрация мекемесинин өкүлдөрү кирген делегация Элчиликке келди.

Элчи Руслан Казакбаев коноктор менен баарлашууда Элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып берип, эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү багыттарына токтолуп, түрк тарап менен маданият жаатында ишке ашырылган жана алдыда пландаштырылган биргелешкен долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Айнура Аскарова Түркияга болгон иш сапарынын максатына токтолуп, ал жетектеген делегация эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоо, китепкана ишин жакшыртуу, тажрыйба алмашуу, түрк тилдүү маданий мурастарды калыбына келтирүү, сактоо, коргоо, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы китеп басып чыгарууну жандандыруу максатында келгендигин белгиледи.

Ушул эле күнү делегация Түркия Республикасынын Президенттик Улуттук китепканасында болуп, анда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары китепкананын башчысы менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө китепканадагы Кыргызстандын китеп бурчуна кыргыз жана түрк тилдериндеги китептерди тапшыруу аземи болуп өттү. Белек катары китепкананын фондусуна 200дөн ашык басылмалар кошулду.

Ошондой эле китепканада кыргыз делегациясы бул мекеме тууралуу бир топ жаңы маалыматтарга ээ болуп, анын ишинин жүрүшү менен таанышып, залдарды кыдырып чыгышты.

Белгилей кетсек, бул делегация Түркияга Түрк тарыхы жана маданияты фондунун (TÜRKTAV) чакыруусу менен келген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK