Анкарада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Кылым карытар бир күн” интеллектуалдык оюну болуп өттү

260

2023-жылдын 9-декабрында Анкарада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Кылым карытар бир күн” интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Интеллектуалдык таймаш Элчиликтин колдоосу менен Анкарадагы кыргызстандык студенттердин биримдиги тарабынан уюштурулган. Оюнга Анкара, Измир жана Самсун шаарларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттерден турган 10 команда катышты, алардын ичинен 3 команда жеңишке жетти.

Сыйлык тапшыруу аземинде Элчи Руслан Казакбаев куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы менен куттуктап, «мамлекеттин жаркын келечеги ар бир кыргызстандыктын колунда, өз мекенине кам көрүү, анын эгемендүүлүгүн коргоо жана анын гүлдөп өсүшүнө көмөк көрсөтүү ар бирибиздин милдети» деп белгиледи.

Чогулгандарды залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси менен куттуктап, улуу жазуучунун мааракеси Кыргызстанда эле эмес, Түркияда жана башка өлкөлөрдө да кеңири белгиленип жатканын өзгөчө сыймыктануу сезими менен билдирди.

Андан ары Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы эки тараптуу кызматташуунун маанилүү багыттарын белгилеп, түрк тарап менен маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда ишке ашырылган жана пландаштырылган биргелешкен долбоорлор тууралуу маалымат берди. Бул контекстте ал бардык студенттерди Кыргызстанды Түркияда таанытуу максатында Элчилик уюштура турган маданий иш-чараларга мындан ары да активдүү катышууга чакырды.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана оюндун катышуучуларына грамоталар, эстелик белектер жана акчалай сыйлыктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Элчилик бул иш-чараны ишке ашырууга салым кошкон Анкара шаарынын мэриясына терең ыраазычылык билдирет. 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK