Элчи Руслан Казакбаевдин Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Бурак Акчапар менен жолугушуусу

200

2023-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.А.Казакбаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Бурак Акчапар менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө маселелери, ошондой эле 2023-жылдын 4-октябрында Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги саясий консультациялардын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Тараптардын 2023-жылдагы өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылып, алдыда боло турган иш-чаралардын графиги да каралып, келерки жылга пландаштырылган эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар талкууланды.

Эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү, өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу маселелерин анын ичинде Кыргыз-Түрк өнүктүрүү (инвестиция) фондун  түзүү жолу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасына түрк инвестицияларын тартуу жана Кыргызстандагы түрк компанияларынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди чечүүнү кеңири талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелери, ошондой эле Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап ошондой эле Кыргыз Республикасынын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын бекер дарылоону караган Саламаттыкты сактоо жана медицина илимдери жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ишке ашырууну эртерээк кайра баштоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле берилген квотаны жылына 500 адамга чейин кеңейтүү өтүнүчүн билдирди.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара саякаттоосу, келүү шарттарын жеңилдетүү жана эки мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режимди узартуу маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK