Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетиндеги Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта улуу жазуучунун 95 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү

224

2023-жылдын 14-декабрында улуу жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралардын алкагында Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетиндеги Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Элчи Руслан Казакбаев, Кечиөрен муниципалитетинин Мэри Тургут Алтынок, Түркия Республикасынын мурдагы айыл чарба министри, Анадолу мектебинин жетекчиси, профессор Сами Гүчлү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова, Анкарада аккредиттелген дипломатиялык корпустун Башчылары жана өкүлдөрү, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун, Түркиянын министрликтеринин жана ведомстволорунун, саясий партияларынын, коомдук уюмдардын, илимий коомчулуктун, бизнес чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган мекендештер катышышты.

Иш чаранын башында Элчи Руслан Казакбаев, Мэр Тургут Алтынок, Анадолу мектебинин жетекчиси, профессор Сами Гүчлү жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова сөз сүйлөшүп, заманыбыздын эң көп окулган авторлорунун бири жана дүйнөлүк адабияттын классиги катары Ч.Айтматовдун түрк жана дүйнөлүк маданиятты өнүктүрүүгө, элдердин достугун чыңдоого кошкон баа жеткис салымын белгилешти.

Иш-чаранын алкагында Элчилик Кечиөрен мэриясы менен биргеликте түрк лицейлеринин жогорку класстарынын окуучуларынын арасында Ч.Айтматовдун тасмага тартылган чыгармаларынын негизинде уюштурулган дил баян сынагынын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чара Ч.Айтматовдун эстелигине гүл чамбарларды жана гүл коюу аземи менен аяктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK