Элчи Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Коргоо министри Яшар Гюлер менен жолугушту

181

2023-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Коргоо министри Яшар Гюлер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде аскердик-техникалык чөйрөдөгү, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын аскердик жана коргонуу ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу сапарлардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Алдыда боло турган иш-чаралардын графиги каралып, келерки жылы пландаштырылган иш сапарлар жана жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар талкууланды.

Тараптар аскердик медицина тармагындагы кызматташуу маселелерин кеңири талкуулашты. Бул контекстте Элчи Р.Казакбаев 2023-жылдын 30-октябрынан 3-ноябрына чейин Түркия Республикасынын медицина тармагындагы адистеринин Кыргыз Республикасына жемиштүү жумушчу сапарын оң белгиледи.

  • 2023-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Коргоо министри Яшар Гюлер менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK