Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, «Саадет» саясий партиясынын фракциясынын лидери Селчук Оздаг Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигине келди

142

2024-жылдын 26-январында Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, «Саадет» саясий партиясынын фракциясынын лидери Селчук Оздаг Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигине келип, анда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Р.А.Казакбаев менен жолугушуу өттү.

Депутат жакында Кыргыз Республикасынын аймагында болгон жер титирөөлөргө байланыштуу кыргыз тарапка көңүл айтты.

Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын кеңири чөйрөсү талкууланып, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы парламенттер аралык мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пландар талкууланды.

Кыргызстандын жарандарынын Түркия Республикасынын аймагында жүрүү шарттарын жеңилдетүү маселелери да өз алдынча талкууланды.

  • Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, «Саадет» саясий партиясынын фракциясынын лидери Селчук Оздаг Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигине келди
  • Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, «Саадет» саясий партиясынын фракциясынын лидери Селчук Оздаг Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигине келди

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK