МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров расмий сапар менен Түркияга барат

180

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2024-жылдын 8-10-февралында Түркия Республикасынын Анкара шаарына расмий сапар менен барат. 

Расмий сапардын алкагында Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына катышат. 

Ошондой эле, Түркия Республикасынын расмий жетекчилери жана мамлекеттик органдарынын башчылары менен жолугушуулары болот. Анда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 

МинКаб Төрагасы мындан тышкары кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат, анын алкагында ири бизнес өкүлдөрү менен да жолугат. 

Андан соң өнөр жай, транспорт, медицина жана электрондук соода жүргүзүү тармактарында иш алып барган орто жана ири ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, ишкерлик чөйрөдө кызматташууну талкуулайт. 

Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюулаары күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK