МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Анкарада Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолукту

186

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Анкара шаарына (Түркия Республикасы) болгон расмий сапарынын алкагында Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолукту. 

Маектешүүнүн жүрүшүндө МинКаб Төрагасы Кыргызстанда ар түрдүү тармактарда түрк капиталы бар 300гө жакын компания иштерин, ал ишканаларда миңдеген кыргызстандык эмгектенерин белгиледи.

Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда дагы көптөгөн ийгиликтүү бизнес-долбоорлор ишке ашырыларына ишеним артып, Түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды.

“Түркиялык подрядчылар Кыргызстанда буга чейин 70ке жакын долбоорду ишке ашырды. Түркиялык компаниялар бул долбоорлор аркылуу өлкөбүздүн өнүгүү демилгесин колдоого алышты. Албетте, биз муну менен токтоп калбайбыз. Келечекте дагы бир топ ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырабыз деп терең ишенем”, - деди ал.

Кыргызстанда акыркы үч жылда экономикалык өсүш орточо эсеп менен дээрлик 7%ды түзүп, ички дүң продукция былтыр 1 трлн 228 млрд сом болгонун айткан Акылбек Жапаров, жогорудагы максаттарга жетүүдө ишкерлердин ролу чоң экенин белгиледи.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө түрк компанияларынын менеджментин жана алдыңкы технологияларын, инвестицияларды тартууга кызыгуусун билдирди.

“Биз өлкөбүзгө болгон ишенимди арттыруу менен инвесторлорду тартууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатабыз, ачык бизнес жана инвестициялык климатты түзүүгө умтулабыз. Бул Кыргыз Республикасынын маанилүү артыкчылыктуу багыттарынын бири”, - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары биримдигинин (TOBB) Президенти Рифат Хисаржыклы оглу жолугушууга ири түркиялык компаниялардын өкүлдөрү чогулганын айтып, ал Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттарга ыраазычылык билдирди.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууга Түркиянын коргонуу, авиация, айыл чарба, энергетика, кызмат көрсөтүү, саламаттык сактоо, билим берүү, электрондук коммерция, кен казуу, курулуш жана кайра иштетүү тармактарындагы ири компанияларынын жетекчилери катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK