МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Кыргызстанда электрондук сооданы жандантуу үчүн “Trendyol” сыяктуу алдыңкы компаниялар менен кызматташат

176

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Анкара шаарына (Түркия Республикасы) болгон расмий сапарынын алкагында электрондук коммерция боюнча “Trendyol” логистикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Компаниянын ишмердүүлүгүн көрүп чыккан МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров “Trendyol” логистикалык борборунун өкүлчүлүгүн Кыргызстандын Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына ачууну жана өлкөдө онлайн соода жүргүзүү ишин жандантууну карап чыгуу тапшырмасын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрине берди. 

Ал эми “Trendyol” компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандын 50 миңге жакын жараны тиркемени уюлдук телефонго жүктөгөнүн, ошол себептүү ар тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, “Trendyol” Түркиядагы эң ири онлайн соода жүргүзгөн компания, мында 18 млн товардын түрү бар. Күнүнө дүйнөнүн 30 миллиондон ашуун сатып алуучуларын тейлейт. Айта кетүүчү жагдай Кытайдын “Alibaba” компаниясы “Trendyol” компаниясынын 86% акциясына ээ.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK