Элчи Руслан Казакбаев түрк компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

150

Элчи Руслан Казакбаев Конья шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар болгон, ошондой эле Конья Соода палатасына мүчө түрк компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу Конья соода палатасында өттү.

Жолугушууда Элчи Руслан Казакбаев Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан инвестицияларды коргоо жана бизнести колдоо боюнча көрүлүп жаткан негизги чараларга токтолду. Ал акыркы үч жылда Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасынын стабилдүү өсүшүн жана жагымдуу салык саясатын баса белгиледи. Элчи ошондой эле өлкөлөр ортосундагы соода көлөмүнүн көбөйгөнүн жана Кыргызстандын Конья провинциясы менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Ушундан улам кызматташууну чыңдоо боюнча пландарды талкуулоодон иш жүзүндө ишке ашырууга өтүү зарылдыгы айтылды.

Элчи Р.Казакбаев айыл чарба, мал чарбачылыгы, гидроэнергетика, туризм жана тоо-кен өндүрүшү сыяктуу инвестиция тартуу үчүн артыкчылыктуу тармактарга өзгөчө көңүл бурду. Жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди мындан ары талкуулоо жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүү үчүн элчи Конья провинциясынын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

Жолугушууда түрк компанияларынын өкүлдөрү тери импорттоого, Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө жана тоо-кен тармагына кызыгуу көрсөтүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасына сапар уюштурууну, ошондой эле «Кыргызстан-Коня» бизнес-форумун уюштурууну макулдашышты.

  • Элчи Руслан Казакбаев Конья шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар болгон, ошондой эле Конья Соода палатасына мүчө түрк компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу Конья соода палатасында өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK