2024-жылдын 21-мартында Түркия Республикасынын тарыхый Конья шаарында Кыргыз Республикасынын жарандары жана студенттери Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин жардамы менен “Кыргызстанды таануу” иш-чарасын уюштурушту.

152

«Сельчук»  университетинин концерттик залында көрүүчүлөргө чоң концерттик программа тартууланып, улуттук кол өнөрчүлүк жана прикладдык искусствонун буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулуп, булгаарыдан, кийизден, жүндөн жасалган буюмдар болду.

Концерт Нооруз майрамын белгилеген мамлекеттердин элдеринин ортосундагы маданий байланыштарды кеңейтүүгө жана достукту чыңдоого арналды. Ошондой эле концерттин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы тууралуу видеороликтер тартууланды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев, Селчук университетинин жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Конья шаарынын тургундары жана коноктору катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев бардык келгендерди Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин атынан «Нооруз» жаз майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, өнүгүү жана бакубатчылык каалады.

Концерттен кийин элчи Конья шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен өзүнчө жолугушту. Жолугушууда элчи мекендештерди Нооруз майрамы менен жылуу куттуктап, өлкөдө экономиканы өнүктүрүүгө жана Кыргызстан элинин бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле Кыргыз-түрк мамилелеринин азыркы абалы жана аларды өнүктүрүү боюнча Элчиликтин иши тууралуу маалымат берди.

Элчи жарандардын суроолоруна жооп берип, элчиликтин ишмердүүлүгүн активдүү колдогону, ошондой эле жарандык жоопкерчилиги жана эки боордош элдин достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчи жарандардын суроолоруна жооп берип, аларга Элчиликтин ишмердүүлүгүн активдүү колдогондугу, жарандык жоопкерчилиги ошондой эле эки боордош элдин достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бардык иш-чаралардан кийин кыргыз диаспорасы катышуучулар жана көрүүчүлөр үчүн биргелешкен “ооз ачар” сый тамак уюштурушту.

  • 2024-жылдын 21-мартында Түркия Республикасынын тарыхый Конья шаарында Кыргыз Республикасынын жарандары жана студенттери Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин жардамы менен “Кыргызстанды таануу” иш-чарасын уюштурушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK