2024-жылдын 5-апрелинде Самсун шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Самсун шаарынын мэри Халит Доган менен жолугушту

147

2024-жылдын 5-апрелинде Самсун шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Самсун шаарынын мэри Халит Доган менен жолугушту.

Элчи Р.Казакбаев Халит Доганды 2024-жылдын 31-мартында Түркия боюнча өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы боюнча Самсун шаарынын мэри кызматына шайланышы менен куттуктады. Жолугушууда Элчи жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Бишкек жана Самсун шаарларынын ортосундагы боордош шаар келишимин эске алуу менен, Элчи эки муниципалдык администрациянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө чакырды жана Самсун шаарынын мэри Халит Доган баштаган делегацияны Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

Мындан тышкары тараптар Самсун шаарында билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин маселелерин көтөрүштү. Элчи Руслан Казакбаев Самсун шаарында билим алып жаткан кыргызстандык студенттерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү суранды.

  • 2024-жылдын 5-апрелинде Самсун шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Самсун шаарынын мэри Халит Доган менен жолугушту
  • 2024-жылдын 5-апрелинде Самсун шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Самсун шаарынын мэри Халит Доган менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK