2024-жылдын 5-апрелинде Самсун шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Самсун облусунун губернатору Орхан Тавлы менен жолугушту

162

2024-жылдын 5-апрелинде Самсун шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Самсун облусунун губернатору Орхан Тавлы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Самсун Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги медицина, айыл чарба продукцияларын жана жабдууларын өндүрүү, машина куруу, туризм тармактары өнүккөн ири өнөр жай шаары экенин эске алып, кыргыз тарап экономиканын бул тармактарында өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Элчи Р.Казакбаев Кыргызстандагы учурдагы долбоорлор, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары, ГЭСтердин курулушу жана Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолун өнүктүрүү жаатындагы иштер тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык жана транзиттик потенциалын белгиледи.

Р.Казакбаев губернатор О.Тавлыны Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Ошондой эле Самсун провинциясы менен Кыргызстандын аймактарынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү сунушталды.

Жолугушууда Элчи Р.Казакбаев Кыргызстандын жарандарынын, өзгөчө студенттердин Самсун шаарында болушуна максималдуу колдоо көрсөтүү өтүнүчүн билдирип, губернатор бардык колдоолор көрсөтүлөөрүнө ишендирди.

Жолугушуу достук кырдаалда өтту. Маанилүү жыйынтыктардын бири делегациянын Самсундан Кыргыз Республикасына сапары тууралуу макулдашуу болду.

  • 2024-жылдын 5-апрелинде Самсун шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Самсун облусунун губернатору Орхан Тавлы менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK