Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Эржиес университетинин ректорунун орун басары Октай Озкан менен жолугушту

192

2024-жылдын 18-апрелинде Кайсери шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Эржиес университетинин ректорунун орун басары Октай Озкан менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө билим берүү тармагындагы маселелер талкууланып, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдору менен Кайсери шаарындагы Эржиес университетинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн перспективалары белгиленди.

Анын алкагында Руслан Казакбаев түрк тарапка Талас мамлекеттик университети менен Эржиес университетинин ортосундагы академиялык алмашуу жана кызматташуу боюнча Келишимдин долбоорун тапшырды.

Ошону менен бирге элчи белгилегендей, мындай Макулдашуулар тараптарга ар кандай багыттар боюнча кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө мүмкүндүк берет, анын ичинде окутуучуларды жана илимий кызматкерлерди алмашуу, ошондой эле студенттердин академиялык алмашуусу.

Ректордун орун басары О.Озкан быйыл күзүндө университетте «Жаштар фестивалы» аттуу масштабдуу маданий иш-чара өткөрүүнү пландап жатканын, ага Кыргыз Республикасынан да студенттердин катышуусу күтүлүп жатканын билдирди.

Жолугушуунун соңунда элчи Руслан Казакбаев профессор Октай Озканды Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Эржиес университетинин ректорунун орун басары Октай Озкан менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK