Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери шаарынын Талас шаардык муниципалитетинин башчысы Мустафа Ялчын менен жолугушту

176

Кайсери шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери шаарынын Талас шаардык муниципалитетинин башчысы Мустафа Ялчын менен жолугушту.

Элчи Р.Казакбаев Мустафа Ялчынды 2024-жылдын 31-мартында Түркиянын бардык аймагында ийгиликтүү өткөн шайлоо менен куттуктады.

Тараптар эки өлкөнүн муниципалитеттери менен шаарларынын ортосундагы бир тууган шаар мамилелерин кеңейтүү боюнча сунуштарды талкуулашты. Бул контекстте М.Ялчин 2023-жылдын жай айларында Кайсери шаарынын Талас муниципалитетинен 30 адамдан турган делегация Кыргыз Республикасынын Талас облусуна иш сапары менен келгендигин билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык мамилелердин алкагында М.Ялчын Кайсери шаарындагы Талас муниципалитетинде Ч.Айтматов атындагы китепкананын ачылышы тууралуу маалымат берди.

Элчи Руслан Казакбаев Кайсери шаарынын Талас муниципалитетинде Кыргызстандын көрүнүктүү инсандардын эстеликтерин жана парктарын ачууну сунуштады.

Мындан тышкары, М.Ялчил туризмди өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн облустары менен облустарынын ортосунда саякаттарды уюштурууну сунуштады.

Сүйлөшүүнүн аягында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери шаарынын Талас шаардык муниципалитетинин башчысы Мустафа Ялчын менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK