Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери Өнөр жай палатасынын жетекчиси Мустафа Неби Доган менен жолугушту

166

2024-жылдын 18-19-апрелинде Кайсери шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери Өнөр жай палатасынын жетекчиси Мустафа Неби Доган менен жолугушту.

М.Н.Доган аймактын өнөр жай потенциалына токтолуп, Палатанын мүчөлөрү 4,5 млрд АКШ доллары өлчөмүндөгү продукцияны экспортко чыгарын белгиледи. Палатанын мүчөлөрүнүн ишинин негизги багыттары эмерек, текстиль, металл буюмдарын, кабелдер ж.б.

Элчи Р.Казакбаев учурда Кыргызстан менен Кайсери облусунун ортосундагы товар жүгүртүү жогору эмес экенине токтолуп, соода байланыштарын арттырууга көңүл бурууга чакырды. Бул контекстте ал түрк тарап Кыргызстанга продукцияны гана сатпастан, Кыргызстандан да товар алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Элчи Р.Казакбаев Кайсеринин өнөр жай палатасынын мүчөлөрүн Кыргызстандагы өндүрүшкө инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана бизнес-форум уюштуруу үчүн Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Мустафа Неби Доган Кыргызстан менен өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын инвестициялык долбоорлорун палатанын мүчөлөрү арасында жайылтууга жана Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга кызыкдарлыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери Өнөр жай палатасынын жетекчиси Мустафа Неби Доган менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK