Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Хасан Коксал менен жолугушту

167

2024-жылдын 19-апрелинде Кайсери шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Хасан Коксал менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жана соода кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды.

Элчи Р.Казакбаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин баса белгиледи. Ал мындай жолугушуулар эки өлкөнүн ортосундагы бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу аянтчаны түзүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди.

Тараптар ошондой эле туризм, айыл чарба, жеңил өнөр жай сыяктуу тармактарда кызматташуу, соода-өнөр жай палаталары ортосунда тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Түрк тарап кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди активдүү колдоого даяр экенин билдирди.

Элчи Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасына инвестиция тартуунун артыкчылыктарына токтолуп, түрк тарапты өлкөнүн экономикасына жигердүү инвестициялоого чакырып, мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасына бизнес делегациясын уюштурууну макулдашты.

  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Хасан Коксал менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK