Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери облусунун губернатору Гөкмен Чичек менен жолугушту

181

2024-жылдын 19-апрелинде Кайсери шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери облусунун губернатору Гөкмен Чичек менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Кайсери Түркиянын борборундагы ири өнөр жай борбору катары эмерек өндүрүшү, машина куруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана туризм сыяктуу тармактарда кызматташтыкты арттыруу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Кыргыз тарап экономиканын бул багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле социалдык чөйрөдөгү кызматташуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймактарында мектептерди жана ооруканаларды куруу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, элчи Р.Казакбаев Кайсери провинциясында жашаган Кыргызстандын жарандарына, өзгөчө кыргызстандык студенттерге максималдуу колдоо көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Губернатор Г.Чичектин өкүлчүлүк делегациясынын башында Кыргыз Республикасына жумушчу сапарын уюштуруу жөнүндө макулдашуу жолугушуунун маанилүү жыйынтыгы болду.

  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери облусунун губернатору Гөкмен Чичек менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK