Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери шаарынын мэри Мемдух Буюккылич менен жолугушту

189

2024-жылдын 19-апрелинде Кайсери шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери шаарынын мэри Мемдух Буюккылич менен жолугушту.

Элчи Р.Казакбаев М.Буюккылычты 2024-жылдын 31-мартында Түркиянын бардык аймагында өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы боюнча Кайсери шаарынын мэри кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Жолугушууда элчи жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук байланыштарды аймактык деңгээлде мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Тараптар ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Түрк тарап Кыргызстан жана Түркия шаарлары менен бир тууган шаар мамилелерин түзүүгө, билим берүү жана маданият тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Кыргыз тарап өнөр жай, айыл чарба, туризм, тоо-кен өндүрүшү жана маалымат технологиялары боюнча кызматташууну күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Элчи Р.Казакбаев Кайсери шаарынын мэри Мемдух Буюккылыч баштаган делегацияны жергиликтүү бизнес коомчулугу менен бирге Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери шаарынын мэри Мемдух Буюккылич менен жолугушту
  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери шаарынын мэри Мемдух Буюккылич менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK