2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту

148

2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту.

Элчи Р.Казакбаев М.Явашты 2024-жылдын 31-мартында бүткүл Түркия боюнча өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы боюнча Анкара шаарынын мэри кызматына кайра шайланышы менен куттуктап, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин куттуктоо катын тапшырды.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты.

Бишкек жана Анкара шаарларынын ортосундагы боордош шаар мамилелери боюнча түзүлгөн келишимди эске алуу менен, Элчи борборлордун өз ара аракеттенүүсүн активдештирүүгө чакырды жана Анкара шаарынын мэриясын жана бизнес делегацияны Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

  • 2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK