Элчи Руслан Казакбаев Анкара шаарынын Чанкая муниципалитетинин башчысы Хусейн Джан Гюнер менен жолугушту

447

2024-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын Чанкая муниципалитетинин башчысы Хусейн Джан Гюнер менен жолугушту.

Элчи Р.Казакбаев Дж.Гюнерди 2024-жылдын 31-мартында Түркиянын бардык аймагында ийгиликтүү өткөн шайлоосу, ошондой эле Анкара шаарынын Чанкая муниципалитетинин башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Чанкая муниципалитети менен Кыргызстандын шаарларынын бири ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү маселелерин талкуулашты, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Муниципалитеттин башчысы Дж.Гюнер Кыргызстандын Чанкая аймагында жашаган жарандарына жана студенттерине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бир катар маданий иш-чараларды биргелешип өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Элчи Дж.Гюнер жетектеген Чанкая муниципалитетинин делегациясын ыңгайлуу учурда Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

  • Элчи Руслан Казакбаев Анкара шаарынын Чанкая муниципалитетинин башчысы Хусейн Джан Гюнер менен жолугушту
  • Элчи Руслан Казакбаев Анкара шаарынын Чанкая муниципалитетинин башчысы Хусейн Джан Гюнер менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK